• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

«102» кызматына чалып, белек сураган бөбөктүн кыялы орундалды 

30 Бештин айы 2023 11:00 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери 6 жаштагы баланын кыялын орундатышты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Темирлан аттуу бала өзүнүн туулган күнүнө аз калганда Бишкек ШИИБдин «102» кызматына телефон чалган. Анда ал милиция анын тилегин орундатат деген ишеним менен туулган күнүнө карата жашыл трактор белек кылып, милициянын унаасына түшүрүүнү суранган. Бөбөк менен баарлашуу учурунда милиция кызматкерлери баланын тилегин орундатып, аны кубантууну чечишкен.

«Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын дарегине жөнөштү. Тартип сакчылары жаш тургунга салтанаттуу түрдө белек тапшырып, милициянын унаасы менен сейилдөөгө алып барышты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1233