• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Ниязбеков баңгизат чуусунан улам иштен алынгандар боюнча үн катты

21 Баш оона 2023 13:52 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков баңгизат соодасына шектелип кармалган кызматкерлердин айынан иштен алынган жетекчилер тууралуу үн катты.

«Баарыңыздарга белгилүү болгондой, мыйзам бузуп кармалган ички иштер органдарынын айрым кызматкерлерине байланыштуу жүктөлгөн милдеттерди так аткарбаганы жана өздүк курам арасында жетиштүү иш алып барбагандыгы үчүн айрым жетекчилер боюнча чечимдерди кабыл алдык. Бул акыркы чечим эмес. Анткени буга чейин болуп өткөн коллегияларда, аппараттык кеңешмелерде «эл үчүн таза иштегиле, өздүк курамга катуу көңүл бургула» деген бир катар тапшырмаларды бергенбиз. Жакынкы арада ушуга окшогон дагы бир топ чечимдерди кабыл алып, мындан да катаал чараларды көрөбүз», — деген Ниязбеков.

Министр кызматка дайындалган жаңы жетекчилерге кыска мөөнөттүн ичинде бардык кемчиликтерди жоюп алгылыктуу иш алып барууга тапшырма бергени кошумчаланды.

Белгилей кетсек, УКМК ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында иштеген милиция кызматкерлерин кармаган. Буга байланыштуу күч түзүмдөрүндөгү бир нече жетекчи иштен алынган.

Количество просмотров: 235