Милиция кызматкерлери Ысык-Көлгө чөккөн 18 жаштагы жигитти куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Атайын багыттагы полкунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери Акылтай уулу Адилет менен Дуулат Азатов «Алтын-Кум» эс алуу жайында 20-июль күнү саат 18:45 чамасында сууга чөгүп бара жаткан 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун куткарып калышкан.
Ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.