• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Министр: Милиция кызматкерлери Ноорузда күчөтүлгөн тартипте иштейт

19 Жалган куран 2024 10:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда эки маселе талкууланды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Онлайн кеңешменин жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков жарандардын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол кырсыктарын алдын алуу боюнча Ички иштер министрлигинин комплекстүү иш-мерчеми бекитилгенин айтып, төмөндөгүлөргө токтолгон.

«Эң башкысы, коомдук тартипти натыйжалуу камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар. Бир дагы аймакта массалык мушташууларга, коомдук эрежелерди бузууларга, өз-ара чатакташууларга, бейбаштыктарга жана эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин. Жаш өспүрүмдөрдүн дайынсыз жоголуусу, өспүрүмдөргө байланышкан кылмыштардын орун алуусуна бөгөт коюу жумуштары күчөтүлсүн. “Милиция өз милдетин аткарган жок” деген сын-пикирлер айтылышына жол бербөө керек. Өздүк курамдын сырткы формалык келбети ирээтке келтирилсин. Коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер баардык жарандарга сылык мамиле жасап, тартипти жана мыйзамды бузбай, жүктөлгөн милдеттерди так аткарышсын. Жер-жердеги баардык жетекчилер жогоруда аталган массалык-маданий иш-чаралар учурунда күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын. Ички иштер министрлигинин буйругу менен бекитилген иш-мерчемдин талаптарын сапаттуу аткарып, аталган баардык талаптар күнүмдүк өткөрүлүүчү саптык нускамаларда өздүк курамга жеткирилсин. Кайсы бир аймакта кемчиликтер катталып, кызматкерлер арасында мыйзам бузуу фактылары орун ала турган болсо, анда ошол жердеги жетекчилерге катуу тартиптик чаралар көрүлөөрүн алдын ала эскертемин. Майрам учурунда коомдук тартиптити камсыз кылууга багытталган ИИМ тарабынан жиберилген көрсөтмөлөр кынтыксыз аткарылып, баардык коопсуздук иш чаралар жогорку денгээлде өткөрүлсүн жана биринчи жетекчилерге толугу менен жоопкерчилик жүктөлөт»-деген ИИМ башчысы.

Жогоруда аталган маселе боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланганы кошумчаланды.

Количество просмотров: 50