Кыргызстанда 20-октябрга карата коронавирус дагы 103 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб кабарлады.
Жаңы учурлар:
Ал эми бир суткада 3 бейтап кайтыш болду.
49 адам илдеттен сакайып чыгып, бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 604 бейтап, амбулатордук түрдө 542 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 6 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 174 миң 766 киши айыгып чыкса, 2 миң 638 адам каза болду.