• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

11-февралда күтүлгөн аба ырайы

10 Бирдин айы 2021 14:59 Бишкек Govori.TV

11-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 5…10;

Талас жергесинде түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…5;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -17…-22, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 градус болот.

Количество просмотров: 208