• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

11-май күнү шаар тургундарына бекер концерт тартууланат

7 Бугу 20199:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.05.2019.Govori.TV.

Борбор калаабыздын Ала-Тоо аянтында, Курманжан Датка эстелигинин алдында эстрада ырчылары Толгонай Арзыкеева, Кайрат Примбердиев, Юлия Руцкая баштаган өнөр ышкыбоздору “Европа айылы” аталышындагы кечеге катышат.

Ырчылар испан, италия тилдеринде жандуу үн менен келген конокторго ыр тартуулашат. Бул маалыматты Европа Союзунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү фейсбук баракчасына жарыялады.
Кеченин максаты улуттар арасындагы достукту бекемдөө менен катар шаар тургундарына көңүлдүү кеч тартулоо болуп саналат.

Белгилей кетсек, аталган иш –чара 11-май күнү саат 11:00 дон 20:00 го чейин уланып, кирүү акысыз.


Количество просмотров: 14