• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

11-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

10 Бугу 201918:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.05.2019.Govori.TV.

11-майда Кыргызстандын аймактарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 11-майда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 17…22;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

11-майда Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы: түнкүсүн 11…13°, күндүз 27…29° ысыйт.


Количество просмотров: 19