• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

11 миллион киши жашаган Ухандын азыркы абалы (видео)

28 Үчтүн айы 2020 9:43 Бишкек Govori.TV

Кытайлык Ухань шаарында 11 миллион калк жашайт. Интернетте Ян Ке аттуу блогер жана фотограф видео жайгаштырып шаардын азыркы абалын тааныштырды. Ал жайгаштырган видеодо Ухандын көчөлөрү ээнсиреп, адамдар аз экенин көрүүгө болот.

Кытайда өпкөнү сезгенткен коронавирустан каза тапкандардын саны 81 адамга жетти. Бийлик 3 миңге чукул адам жаңы вирусту жуктуруп алганын ырастады. Расмий Бээжин вакцинасы табыла элек илдеттен улам Кытай Жаңы жылына карата эс алуу күндөрүн үч күнгө узартты.

Количество просмотров: 11570