• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

11-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

6 Тогуздун айы 2023 10:23 Бишкек Govori.TV

11-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 11-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Белинский суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу Фрунзе көчөсү, Манас проспекти, Жибек Жолу проспекти, Турусбеков, Баялинов, Абдрахманов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 265