• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

11-сентябрда Ооганстандагы АКШ элчилигинин жанында катуу жарылуу болду

11 Аяк оона 2019 16:01 Бишкек Govori.TV

11-сентябрда эртең менен Ооганстандын баш калаасы Кабул шаарында өлкөнүн Коргоо министрлигинин жана АКШ элчилигинин имараттарынын жанында катуу жарылуу болду.

Associated Press жана AFP агенттиктеринин маалыматына караганда, эки жарылуудан тең каза болгондор жана жаракат алгандар жок.

«Снаряд Коргоо министрлигинин имаратынын дубалына зыян келтирген. Жабыркагандар жок», — деп билдирди Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Носрата Рохими.

АКШ Мамлекеттик департаментинин кызматкери белгилегендей, жарылуудан элчилик кызматкерлери жабыркаган эмес. «Биз Кабулдагы АКШ элчилигине жакын жерде жарылуу болгонун ырастайбыз. Америкалык дипломатиялык миссиянын кызматкерлери жабыркаган жок», — деди ал.

Жардыруу 18 жыл мурда АКШда болгон теракттардын курмандыктарын эскерүү күнүнө туш келди. Эки күн мурда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп «Талибан» кыймылынын лидерлери менен дээрлик бир жылдан бери уланып келе жаткан сүйлөшүүлөрдү токтотконун билдирген.

Количество просмотров: 56