• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

11 жаштагы кыз апасын коргоп эрдик жасады

27 Бугу 2019 16:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.

11 жаштагы кыз апасынын мопедин уурдай качкысы келген ууруну төбөдөн ары бир уруп, андан кутулууга жардам берди. Окуя Аргентинанын Буэнос-Айрес шаарында катталып, видео көзөмөлгө түшүп калган. Бул маалыматты The Daily Mail басылмасы жазды.

Видео материалда белгисиз адам аялдын артынан келип, күч менен анын моппедин тартып алууга аракет жасаган. Окуяга күбө болуп турган 11 жаштагы кызы ууруну чуркап барып бир койгонун көрүүгө болот. Натыйжада ууру эне-баланын токмогунан качып кутулган.

Учурда бул факт боюнча аталган шаардын полиция кызматкерлери ууруну издеп жатканы белгилүү болгон.

https://www.facebook.com/mirazarate/videos/876289532719148/?v=876289532719148


Количество просмотров: 18