Бүгүн, 3-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда 11 журналисттин ишин кароо уланды.
Бүгүн сот өкүмү чыгары күтүлүп жаткан, бирок судья Кылычбек Истамкулов түштөн кийин башка отуруму бар экендигин жүйө келтирип, сот өкүмү кийинки бейшембиге калтырылды.
10-октябарда айыпталуучулар Сапар Акунбеков жана Тыныстан Асыпбеков акыркы сөзүн сүйлөп, анан чечим чыгары күтүлүүдө.
Буга чейинки отурумда прокуратура жапырт башаламандыкка айыпталган 11 журналисттин ар бирин алты жылдан абакка кесүүнү сураган.