• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

11 журналисттин сот ишин териштирүү соңуна чыкты

29 Баш оона 202416:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда 11 журналисттин иши боюнча соттук отурум эртең менен башталып, түштөн кийин уланды. Бүгүнкү отурумда териштирүү иштери жыйынтыкталды.

Сотто Юстиция министрлигинин эксперти Таалайбек Абдыкожоев суроолорго жооп берди.
Абдыкожоев «Эркиндик берилбейт ага жетүү» керек деген сөздө башаламандыкка чакырык бар деп билдирди. Бирок, ал чакырык бар экенин далилдей алган жок.

Келерки сот отурумунда эксперт Таалайбек Абдыкожоевди суроо улантылат. Ошондой эле дагы бир эксперт Азамат Жаныш уулу да суралмакчы.

Эске салсак, ушул жылдын 16-январында 11 журналист кармалып, аларга тиешелүү кодекстин массалык башаламандыктар беренеси менен кылмыш иши козголгон. Азыркы тапта төрт журналист тергөө абагында кармалууда. Жети журналист үй камагына чыгарылган.

Количество просмотров: 140