Кыргызстанда 26-октябрга карата коронавирус 112 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Жаңы учурлар:
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен үч бейтап каза болду.
Бир күндө 99 адам илдеттен сакайып чыккан. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 680 бейтап, амбулатордук түрдө 687 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 741 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 196 киши айыгып чыкса, 2 миң 658 адам каза болду.