• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков Ливандын президентине көңүл айтты

5 Баш оона 2020 12:35 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Ливан Республикасынын Президенти Мишель Аунга Бейрут шаарындагы жарылуудан адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Ливандын борбору Бейрут шаарында болуп өткөн кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кыргыз эли каза болгондордун жакындарына кайрат айтат жана алардын орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөт. Бардык жабыр тарткандардын тез сакайышын тилейм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болду. Ондогон киши өлүп, миңдеген адам жаракат алды. Ливандын бийлиги 5-августту аза күтүү күнү деп жарыялады.

Количество просмотров: 52