Учурда WhatsApp жана Telegram тайпаларындагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине Бириккен араб эмирлигинен (БАЭ) жакын арада ири өлчөмдөгү акча каражаты келип, элеттеги чоң сарайы бар жарандарга таратылып берилет деген маалымат жалган. Мындай билдирүүнү Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
Ошону менен бирге министрлик мындай жалган маалыматтарды таратуу мыйзам алдында жазалана тургандыгын эскертти.
«Өлкөгө келе турган инвестиция, грант жана кредиттик каражаттар түзмө-түз эмес, атайын өзүнүн тартиби, процедурасы менен келет. Андыктан мындай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз», — деп жазылат билдирүүдө.