• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир гектар аянттагы кожогаттан канча киреше тапса болот?

1 Жетинин айы 202416:19 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын апрель айында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан «Эко-Азык» мөмө-жемиш питомнигинин базасында 2га аянтка кожогаттын, 1га аянтка дан куурайдын жаңы сорттору отургузулган.

Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, биринчи жылы 1га жерге 50 миң түп кожогат эгилип, 1 га аянттан орточо 12 тонна түшүм берген. 1га жердин өздүк наркы 2,05 млн сомду түздү. Ал эми кожогаттын 1кг орточо баасы 160 сомдон айланып, биринчи жылы 1га дан түшкөн киреше 1 миллион 920 миң сомду түздү.

Белгилей кетүүчү нерсе, биринчи жылы чыгымдар иш жүзүндө өзүн актап, 2-жылы түшүмдүүлүк 15 тоннага чейин көбөйөт. Андан кийин акча каражаты сугарууга, жер семирткичтерди жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттарын колдонууга жана түшүм жыйноого гана сарпталат. Жалпылап алганда өзүн-өзү толук актоо 1,5 жылды түзөт.

Ал эми дан куурайдын 8300 даана көчөтү 1га аянтка отургузулуп, ошол эле жылы мөмө бере баштаган. Түшүмдүүлүк 1 га жерден 4 тоннаны түзгөн. 1га аянтка кеткен чыгым 1,8 млн сом болсо, анын орточо базар баасы 1кг 130 сомдон айланган. Биринчи жылы 1га аянттан алынган киреше 520 миң сомду түзгөн. Сарпталган каржат 2 жылда акталат.

Белгилей кетсек, дан куурайдын түшүмдүүлүгү экинчи жылы гектарына 10-12 тоннага чейин көбөйөт. Дан куурайдын көчөттөрү отургузулгандан кийин 10 жылга чейин түшүм берет.

Количество просмотров: 287