12-13-мартта Бишкекте студенттер да онлайн окуйт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги маалымдады.
Буга чейин мэрия 12-13-мартта Бишкектеги мектеп, бала бакчалар онлайн форматка өтөрүн билдирип, бала бакчаларда бөбөктөрдү кабыл ала турган «нөөмөттөгү топ» түзүлө турганын айткан.
Мунун баары эртең мамлекеттик сапары менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун келишине байланыштуу болууда.
Кошумчалай кетсек бул күндөрү Бишкек менен Чүйдүн бир катар көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.