• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

12-июлга карата аба ырайы

11 Теке 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

Эртең, 12-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Бишкекте түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүз 32…34° ысык болот.

Количество просмотров: 293