• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

12-мартта күтүлгөн аба ырайы

11 Жалган куран 2021 14:52 Бишкек Govori.TV

12-мартта түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 13…18;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 15…17 градус.

Количество просмотров: 184