• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

«12 секунданын ичинде болду». Мектеп директору окуучу кыздын өлүмү боюнча айтып берди

22 Чын куран 202516:04 Бишкек Govori.TV

7-класстын окуучусу кандай жагдайда каза болгонун №31 мектептин директору Татьяна Өмүрзакова айтып берди. Бүгүн, 22-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча комиссиясынын жыйынында ал окуучулардын ортосундагы чатак 15-апрелде алтынчы сабак учурунда болгонун билдирди.

«7-Б класс 41-кабинетте окуйт. Тыныгуу маалында бир бала менен кыз урушуп кетиптир. Анан мугалим сабакка кирип орус тили жана адабиятынан сабак бере баштады. Мугалим Улуттук университеттин 3-курсунун студенти. Бизде бош орун болгондуктан мугалимдерди жумушка алып жатабыз. Мугалим сабакты баштап, Айтматов жөнүндө тема болорун, ырды кайра карап чыгышсын деген. Андан кийин мугалим интерактивдүү панелди күйгүзөйүн деп, бирок анын ноутбук жок экенин көргөн. Бул убакта бир баладан кийинки класстан ноутбук алып келүүсүн суранган. Ал эшикти карап, кайсы класска кирүү керектигин көрсөткөн. Биз камерадан карадык 12 секунд. Ушул 12 секунданын ичинде кыз менен баланын ортосунда окуя болот. Бала кызды чаап доскага чуркайт, кыз анын артынан чуркап барып тепкен, бала кызды көкүрөккө урган. Мугалим артка бурулганда, кыз тактада туруп жыгылган. Кырсык. Алтынчы сабак саат 17:15те башталды, окуя 17:32де болду», — деди Өмүрзакова.

Анын айтымында, мугалим класста болгон. Эки окуучу тең 4 жана 5 деген бааларга окушкан.

Количество просмотров: 2201