• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

12-сентябрда күтүлгөн аба ырайы

11 Аяк оона 2021 14:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 12-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9 … +14, күндүз +22… +27;

Талас облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +21 … +26;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12 … +17, күндүз +25 … +30;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +18 … +23;

Нарын облусунда түнкүсүн +3 … +8, күндүз +18 … +23 градус жылуу болот.

Бишкекте күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +11 … +13, күндүз +24… +26 градус ысык болот.

Количество просмотров: 1575