• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026
Screenshot

Кочкордогу базарда дыйкан сабалган. Тараптар жарашты

15 Теке 202612:15 Бишкек Govori.TV

Нарын облусунун Кочкор районунда базарда ур-тепкиге алынган дыйкан менен аны сабаган соодагерлер милициянын катышуусунда жарашты. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

14-июль күнү соцтармактарда “Кочкор районунун базарында дарбыз саттырбай байкени уруп салышты” деген жазуу менен видеоматериал жарыяланган. Анда бир нече адам соодагерлердин бирин кууп, сабап жатканы тартылган.

Аталган факты боюнча окуя мыйзамда белгиленген тартипте катталып, жаңжалга катышкан тараптар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Текшерүү жана териштирүү иштеринин жүрүшүндө окуянын бардык жагдайлары такталып, тараптар өз ара жарашууга келип, бири-бирине карата дооматтары жок экендигин билдиришип, тосмо арыз жазышкан.

Учурда окуя боюнча топтолгон материалдар мыйзам талаптарына ылайык каралууда.

Жарандарды такталбаган маалыматтарды таратуудан карманып, расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырабыз.

Количество просмотров: 26