• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

12 жаштагы бала агасына ок атты

21 Жалган куран 2019 10:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.03.2019. Govori.TV

Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында 14 жаштагы баланын башына ок тийип, ал ооруканага жетпей каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, баланын 12 жаштагы иниси ок атуучу курал менен ойноп жатып, кокусунан агасынын башына атып алган. Маалыматты Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев дагы тастыктады.


Кечээ, 20-март күнү түнкү саат 21:30 чамасында райондук ички иштер башкармалыгына аталган окуя боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам-иликтөө бөлүмү барганда, иниси агасын аңчылык кылуу үчүн пайдаланылган 16-калибрдеги мылтык менен атып алгандыгы белгилүү болгон. Ал мылтык ошол эле үй-бүлөнүн 1998-жылы туулган уулуна (балдардын агасы) катталган. Бирок эреже боюнча туура эмес сакталганы үчүн аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ийри-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Акболуш Тиленбаевдин айтымында, мылтык аңчылыктан кийин октолуу болгон.


«Агасы аңчылыкка чыгып, мылтыгын октогон бойдон коюп койгон», — деди ал.
Өзгөн аймактык ооруканасынан билдиришкендей, 14 жаштагы бала ооруканага жетпей каза болду. Дарыгерлер баланын жансыз денесин өлүкканага өткөрүп беришкен.

Булак: Turmush


Теги:
Количество просмотров: 20