Бишкек шаарында ээнбаштыкка шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 17-октябрда болжол менен түнкү саат 02:00 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Манас көчөсүндө белгисиз жарандар мушташып жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке кызматкерлер келип, маалыматты тактаганда 1970-жылы туулган К.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле түнү болжол менен саат 02:16 чамасында аталган даректен арыз ээсин белгисиз жарандар эч себепсиз уруп, тапанчадан ок чыгарганын айткан.
«Кылмыштын изи сууй электе шектүүлөр кармалды. Алар 1993-жылы туулган И.Ж., 1989-жылы туулган Ч.Ч. жана 1995-жылы туулган К.А. экендиги аныкталды. Аларды Биринчи май РИИБге алып келишкен жана газ-травматикалык тапанчасы алынганды»,-деп айтылат маалыматта.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, тергөө уланууда.