• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ок аткан милиция кызматкеринин жетекчилери жумуштан бошотулду

12 Тогуздун айы 2018 13:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.12.10.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарык ички иштер башкы башкармалыгы билдиргендей, Бишкектеги  кафелердин биринин алдынадагы мас абалында ок чыгарган милиция кызматкери жумуштан алынды. Ал эми бул окуяны жашырууга аракет кылган 10 жетекчи жоопко тартылды. Бул тууралуу бүгүн Бишкек ШИИББинин башчысы Сталбек Рахманов кабарлады.
«Иликтөө иштеринин негизинде ок чыгарган милиция кызматкери жумуштан алынган. Ал эми аталган ишти жашырууга аракет кылган Биринчи май РИИБинин жана Бишкек ШИИББинин10дой жетекчиси жоопко тартылды. Ал эми октон жаракат алган милиция кызматкерине окуя тууралуу билдирбегенине байланыштуу ага сөгүш жарыяланды. Ал эми бул окуя боюнча дагы иликтөө иштери уланууда»-деди Рахманов.


Количество просмотров: 26