Өлкө боюнча 13-апрелге карата 42 коронавирус инфекциясын жуктурган жаӊы учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Алардын ичинен ичинен:
Бишкекте – 10
Чүй облусунда – 6
Ош облусунда – 9
Ош шаарында – 5
Жалал-Абад облусунда – 2
Нарын облусунда – 9
Баткен облусунда – 1
Ушуну менен республикада коронавирус инфекциясынан улам ооругандардын саны 419га жетти.