• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«13 депутат кетти». Айдарбеков депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

13 Жалган куран 2024 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Чыңгыз Айдарбеков мандатынан ажыратылган депутаттар жана алардын айланасындагы иштер боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

“90 депутаттан 13 депутат кетти. Биз бул мыйзамсыз экенин дайыма айтып жатабыз. Биздин укуктарды тебелеп-тепсеп атышат. Мындай болбош керек. Парламент – бийликтин башка бир бутагы”, — деди Чыңгыз Айдарбеков.

Депутатка жооп берген ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев комиссия түзүү үчүн тиешелүү комитетте маселе каралып, кагаз жүзүндө сунуш берилиши керек экенин билдирди.

Количество просмотров: 178