• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

13-февралда күтүлгөн аба ырайы

12 Бирдин айы 2021 14:57 Бишкек Govori.TV

13-февралда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде кар жаайт, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз 7…12;

Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 2…7;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -20…-25, күндүз -2…-7 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 7…9 градус болот.

Количество просмотров: 106