13-июнда күндүз Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр жаайт. Түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күнкүркүрөйт.
Абанын температурасы:
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23,
Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29,
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33,
Бишкек шаарында түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градусту түзөт.