Өлкө боюнча бир суткада 13 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында бир, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4 медик ооруп калган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3086 учур катталды, алардын ичинен 2384 медкызматкер айыгып чыкты.