Иммунопрофилактика боюнча республикалык борбордун маалыматына ылайык, 12-августка карай Кыргызстанда 13 076 адам кызамык илдетине чалдыккан. Акыркы айларда илдетке чалдыккандардын саны азая баштаган.
Мекеме оорунун басаңдаганына кызамыкка каршы эмдөөнүн активдүү жүргүзүлгөнүн жүйө келтирет. Маалыматка караганда, Таласта балдардын 91%, Ысык-Көл облусунда 86%, Нарында 76%, Баткен облусунда 72% эмдөөдөн өткөн.
Ошентсе да, кызамык жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкекте, Чүй жана Ош облустарында катталууда.