№13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына өзүн-өзү көрсөткөн 4 талапкер катталды. Бул тууралуу БШКдан билдиришти
Маалыматта белгиленгендей, алардын шайлоо документтери Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келери аныкталган.
Катталган талапкерлерге эми белгиленген үлгүдөгү ырастамалар берилет.