13-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…2;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…2, күндүз 0…5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…3;
Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз 0…2 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.