13-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2,
Ысык-Көл облусунда түнкүсун -4…-9, күндүз -2…+3,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9,
Нарын жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13,
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6,
Бишкекте түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2° болот.