• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөрдү актаган судьяга каршы виртуалдык митинг өтүүдө

14 Бештин айы 2020 9:41 Бишкек Govori.TV

13 жашар кызды зордуктоого шектүүлөрдү актаган судья Сабыр Содонбековго каршы виртуалдык митинг өтүүдө.

Социалдык тармактын колдонуучулары 13 жашар кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарганы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда.

11-декабрда Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбеков 13 жашар кызды зордуктаган деп шек саналган 45 жаштагы Урмат аттуу адамдын айыбын жеңилдетип, башка берене менен соттогон. Жабырлануучу кыздын адвокаты Айнура Асанованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, сот ага карата «Зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишин «Жашы жете электерге карата жыныстык аракет» беренесине которуп, 7,5 жылга эркинен ажыраткан.

Ал эми зордуктоо боюнча шек саналган Жолдошбек жана Эржан аттуу адамдарды сот буга чейин «иштин курамында кылмыш жок» деген жүйө менен актап жиберген. Кыздын жактоочусу жана атасы судья Содонбековдун чечимине каршы апелляциялык арыз жазарын билдиришүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 249