• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Судья Ниязбек Калматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

5 Баш оона 202513:52 Бишкек Govori.TV

Судья Ниязбек Калматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Такталгандай, Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Ниязбек Калматовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Кызматтан кетүүсүнүн себеби — судьянын жүрүм-турумуна коюлган талаптарды бузуу.

Буга чейин Судьялар кеңеши Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевдин Ниязбек Калматовду тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү сунушун караган.

Количество просмотров: 266