Судьялар кеңеши 13-февралда башкы прокурордун Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясын (А.М.А.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди.
Мекеменин маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Пара алуу” беренелери менен айып коюлууда. Ал сотту кызматтан убактылуу четтеттүү тууралуу президент Садыр Жапаровго сунуш киргизилди.
Айрым сайттар Ленин райондук сотунун судьясы Мирзат Авазов кармалганын жазышты. Анын аты-жөнү Соттор кеңешинин сайтындагы инициалга туура келет.
Судьялар кеңеши ушул эле күну башкы прокурордун Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясын да (Ж.Н.Б.) жоопкерчиликке тартууга уруксат сурап, ал да канааттандырылды.
Райондук соттун судьясына Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кине тагылган.