• Бейшемби 22 Чын куран 2021

13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмү. Балдардын ата-энеси тергөө иштерине ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө

25 марта 2021 в 11:22 Бишкек Govori.TV

17-мартта Мурас-Ордо конушунда 13 жашар бала киши колдуу болгон. Көп өтпөй аталган кылмышка шектелип, каза болгон өспүрүмдүн 2004-жылы туулган бир тууган агасы кармалып, эки айга СИЗО-1ге киргизилген. Балдардын ата-энеси тергөө иштерине ишенбөөчүлүк көрсөтүүдө.

Баланын апасы менен жакын туугандары анын адам өлтүргөнүнө ишенбейт. Алар укук коргоочулар анын баласына күнөөнү мажбурлап мойнуна алдырып коюшу мүмкүн деген жүйөлөрдү айтышты.

“Айланайн балам, эмне мынча коркуп жатасың? Сен боорукерсиң, мындай ишке барабайсың мен сага ишенем. Бир нерсе жашырып, коркуп жатасың. Балам инисин өлтүрүшү мүмкүн эмес. Кармап туруп эле алып кетип калышыптыр. Ата-энеси менен чогуу сурак берип жатат деп маалымат беришиптир, жалган айтышат. Коркутушканбы билбейм. Бизди эч кандай суракка чакырышкан жок, балабызды милиция алып кеткен бойдон тыңыраак жолуккан жокпуз. Урматтуу президент Садыр Жапаров биздин окуяга көңүл буруп коюңуз”,-деди баланын апасы.

Ал эми баланын апасынын айтканы боюнча Бишкек ШИИББ төмөндөгүлөрдү билдирди.

“Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан тергөө иш-аракеттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Кармалган шектүү мыйзамдуу өкүлдүн, жактоочунун, социалдык коргоо өкүлүнүн катышуусунда жана күбөлөр менен чогуу суракка алынып, күнөөсүн моюнга алган. Тергөөнүн жүрүшүндө, иш үчүн маанилүү болгон материалдык далилдер алынган. Ошол эле учурда жеке адамдарды жасалма резонанс үчүн бирөөнүн кайгылуу окуясын жана алардын кайгысын колдонбоого, жалган маалымат таратууну токтотууга жана адамдарды жалган маалыматтар менен адаштырбоого чакырабыз”, – деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Количество просмотров: 292