Бүгүн, 1-июлга карата өлкө аймагында 1392 адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Жаңы учурлар:
— Бишкек — 803,
— Чүй облусу — 197,
— Жалал-Абад облусу — 97,
— Баткен облусу — 83,
— Ош шаары — 78,
— Ош облусу — 60,
— Ысык-Көл облусу — 37,
— Талас облусу — 20,
— Нарын облусу — 17 адам.
Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 126 395 адамга коронавирус жукту.