14-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24
Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23
Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Ысык-Көл аймагында түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19
Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…5 градус жылуу болот.
14-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.