• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

14-июнга карата аба ырайы

13 Кулжа 2021 21:00 Бишкек Govori.TV

Эртең, 14-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолорунда өткүн өтөт.

Күндүз Ош, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолорунда, Чүй облусунун тоолорунда жаан жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;

Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 17…22;

Бишкекте түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градус ысык болот.

Количество просмотров: 65