Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Эртең, 14-майда түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28, Талас облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…28 градус болот.
Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 16…21.
Ал эми Ошто, Жалал-Абадда, Баткен облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градуска чейин жетет.
Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 26…28 градус болот.