Сутка ичинде өлкө боюнча 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда бир, Ош шаарында бир, Баткен облусунда 6, Жалал-Абад облусунда 3 медик ооруп калган.
Ошол эле учурда бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыккан.
Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3059 учур катталды, алардын ичинен 2372 медкызматкер айыгып чыкты.