• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

18 Кулжа 202010:41 Бишкек Govori.TV

Бир сутка ичинде 14 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүн, 18-июнда брифинг учурунда билдирди.

«Бишкек шаарында 5, Чүй облусунда 2, Ош шаарында 4, Нарын облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда бир медкызматкер илдетке кабылды. Ал эми стационарлардан сутка ичинде 6 медкызматкер айыгып чыгарылды»,-деди Үсөнбаев.

Кошумчалай кетсек, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 509 учур катталды, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Количество просмотров: 143