Бир сутка ичинде өлкө боюнча 14 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 1 медкызматкер кызыл зонада жуктурган.
Алар:
Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3764 учур катталды, алардын ичинен 3514 медкызматкер сакайды.