• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

14-ноябрда Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчөт

13 Жетинин айы 2023 16:15 Бишкек Govori.TV

Эртең, 14-ноябрда борбор калаанын айрым конуштарында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эртең саат 9:00дөн 15:00 гө чейин Энесай, Дордой — 1 жана Дордой — 2 конуштарында суу болбойт.

Суу «Энесай» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Количество просмотров: 85