• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

14 жаштагы кыз беш кабат үйдүн чатырынан секирген

4 Аяк оона 202412:54 Бишкек Govori.TV


Ошто 14 жаштагы кыз беш кабат үйдүн чатырынан секирип кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

2-сентябрь күнү саат 10:30да Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгерлери жашы жете элек кыз ар кандай жараат алып түшкөнүн билдиришкен.

14 жаштагы кыз Төлөйкөн кичирайонундагы үйүнө келип, беш кабаттуу үйдүн чатырына чыгып, ошол жерден секирип кеткени аныкталган.

Милиция тергөө иштерин баштады. Кыздын жамбашы сынып, реанимацияда жатат.

Количество просмотров: 575