• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

14 жаштагы кыз өз атасынан боюнда болуп калган

2 Бирдин айы 201920:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.02.2019.Govori.TV.

Ош облусунун Өзгөн районунда 14 жаштагы кыз өз атасынан боюнда болуп калган. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

— Кыздын атасы психикалык жактан ооруйт экен. Апасы болсо 2013-жылы оорудан улам каза болуп калыптыр. Азыр кыз менен социалдык кызматкерлер иштеп, дарыгерлер карап жатат, — деди Ашырбаев.

Окуучу кыздын атасы 20-январда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкелери тарабынан кармалып, камакка алынган. Кыз болсо учурда Өзгөн районунда. Тергөө иштери уланууда

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 20